Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Путиндин түз линиясы

Дүйнө
10 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
64
2019-жылдын 20-июнунда Россиянын Президенти Владимир Путин өлкө калкы менен түз байланышка чыгат деп билдирди РИА Новости. Учурда жарандардан суроолор кабыл алынууда. “Түз байланыш” 20-июнда саат 12.00дө башталат. “Биринчи”, “Россия 1”, “Россия 24”, “НТВ”, “ОТР”, “МИР”телеканалдары, “Маяк”, “Вести FM” жана “Радио России” радиостанцияларында “Владимир Путин менен түз байланыш” деп аталган атайын программадан көрсөтүлөт жана уктурулат.
Эске салсак, Путин биринчи жолу 2,5 сааттык түз байланышка 2001-жылдын 24-декабрында чыгып, ага 400 миңден ашык суроолор берилген. Путин анда 46 суроого гана жооп кайтарган. 2018-жылы түз байланыш 4 саат 20 мүнөткө созулуп, Путин берилген 2 миллиондон ашык суроонун 73үнө гана жооп кайтарган.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.