Курс НБ на 16.10.2019 $69,8500 €77,0865

Путин өзүнүн маянасын 4,3%га көбөйттү

Дүйнө
08 - Октябрь 2019
www.erkintoo.kg
22
Россиянын президенти Владимир Путин 1-октябрдан тарта 2018-жылдагы инфляциянын денгээлин эске алуу менен өзүнүн, премьер-министр Дмитрий Медведевдин, Коргоо министри, ӨКМ, ИИМ, ФСБ, Росгвардия, СВР, ГФС, Тергөө комитетинин жетекчилеринин жана башкы прокурордун айлык акыларын 4,3%га көбөйттү. Бул туурасында РИА Новости маалымдады.
Кирешелер жөнүндө декларацияга ылайык, В.Путин өткөн жылы 8,65 млн рубль, Д.Медведев – 9,9 млн рубль, ал эми президенттин басма сөз катчысы Д.Песков 12,795 млн рубль, анын жубайы, атактуу спортчуТатьяна Навка – 218,6 млн рубль иштеп тапкан.
Атай АЛТЫМЫШЕВ

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу