Курс НБ на 27.02.2021 $84,7500 €102,9628

​Путин россиялыктардын жагдайын түшүнөт

Дүйнө
01 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
88
Россиянын Президенти Владимир Путин өлкө жарандарын беткап тагынуу жана вирустан коргонуу чараларын сактоо талабы тажатып жибергендигин түшүнөм деп айтты, бирок ал COVID-19 – “өтө коркунучтуу жана жылма душман” экендигин баса белгиледи. 29-сентябрда өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн кеңешмеде врачтар, бардык денгээлдеги бийлик органдары калкка коронавирустан коргонуу чараларын карманууну тынымсыз, бирок сыпаалык менен сунуштап туруу керек деди.
Путиндин айтымында, коронавирус менен ооругандардын саны боюнча Россия учурда дүйнөдө 40-орунда, каза тапкандар боюнча 100-орунда.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.