Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Путин чек арачыларды куттуктады

Дүйнө
28 - Май 2019
www.erkintoo.kg
84
Бүгүн Россиянын чек арачылары кесиптик майрамдарын белгилешүүдө. Аларды Президент Владимир Путин куттуктады. “Россиянын чек аралары дүйнөдөгү эң узун чек ара, силердин милдет – аны бүт периметри боюнча ишенимдүү коргоо”, - деп айтты Путин.
Россияда чек арачылардын күнү 1994-жылдан бери ар жылы 28-майда белгиленип келет. Ал эми бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнө 20 жыл толду. Ага арналган майрамдык салтанат Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. “Биздин Мекен чек арадан башталат”, - деди С.Жээнбеков.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.