Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,5323

Приднестровьянын шайланган президенти биринчи визитин Россияга жасайт

Дүйнө
13 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
365
Приднестровьянын шайланган президенти Вадим Красносельский Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана экономиканы турукташтырууга жетишүүгө умтулат. Бул тууралуу ал  шайлоодон кийинки өзүнүн биринчи басма сөз конференциясында ТАССтын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып айтты жана республиканын башчысы катарында өзүнүн биринчи визитин Москвага жасоого ниеттенип жатканын билдирди.
«Биз референдумдун жүрүшүндө биздин стратегиялык өнөктөшүбүз болуп саналган Россиянын курамына андан ары кирүү менен көз карандысыздык үчүн макул болушкан приднестровьенин элинин тандоосун коргоону уланта беребиз. Биздин экономиканы евразиялык экономикалык мейкиндиктин экономикасына интеграциялоонун үстүндө иштей беребиз», - деп белгиледи Красносельский.
«Ал эми  Молдавия,  Украина тууралуу айтсак, алар менен мыкты коңшулук мамилелерди  өнүктүрө берүүнү каалайбыз», - деди республиканын башчысы.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.