Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Президент Трамп өзүнүн басма сөз катчысына нааразы

Дүйнө
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
285
Басма сөз катчысынын ишине ичи чыкпаган АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө ага өнөктөш кылууга иш билги адамды издеп жатат деп маалымдады ишенимдүү булактарга шилтеме жасаган CNN телеканалы.
Учурда басма сөз катчысы Спайсер өз кызматы менен бирге коммуникациялар боюнча директордун милдетин да аткарууда.
“Дональд Трамптын алгачкы эки жумада эле ага ичи чыкпай калды”, - деп кошумчалады телеканал. Спайсер узак убакыттан бери Республикалык партияда иштеген жана Ак үй аппаратынын азыркы жетекчиси Ринс Прибастын шакирти болуп саналат. Трамп бул адамды тандап берген Прибаска да нааразы.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.