Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Президент Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөштү

Дүйнө
03 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
76
 Президент Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганды Түркия Республикасында муниципалдык шайлоонун ийгиликтүү өтүшү жана Акыйкаттык жана өнүгүү партиясынын жеңиши менен куттуктады. Телефондук сүйлөшүүдө Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана буга чейинки макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга албан ийгиликтерди, бекем ден соолук каалады.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.