Курс НБ на 19.08.2019 $69,7979 €77,3640

Президент Сооронбай Жээнбеков ГФР Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту

Дүйнө
17 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
87

 Президент Сооронбай Жээнбеков  16-апрелде Германияга расмий визитинин алкагында  Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель менен жолугушту. «Өлкөдө парламенттик демократияны орнотуу процесси жигердүү уланууда. Сот жана укук коргоо системаларын реформалоо жүрүп жатат, бул органдардын ишине ачык-айкындуулук принциптери кирзилүудө. Кыргызстан демократиялуу жана укуктук мамлекет катары ишенимдүү алга кадам таштөөдө», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. Ал эми  Ангела Меркель Кыргызстан тандап алган өнүгүү жолу жөнүндө  Германия жана Евробиримдик биле турганын белгиледи. “Биз бул тандоону урматтайбыз. Элдин бакубатчылыгы өнүккөнү маанилүү жана биз бул жагынан сиздерге жардам бергенге даярбыз. Азыр сиздердин экономикалык көрсөткүчүңүздөр жаман эмес. Дүйнөлүк тенденцияны эске алганда 5 пайыздык өсүш жаман эмес”, - деп белгиледи Ангела Меркель.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.