Курс НБ на 15.07.2020 $77,6206 €88,7747

“Пласкодогу” өрт 30 адамдан өмүрүн алды

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
447
18-январда таң эрте Тегеранда “Пласко” деп аталган 17 кабаттуу 1962-жылы курулган соода борборунда өрт чыгып, аны өчүрүүгө 3,5 саат талап кылынган. Бирок имарат урап, натыйжада 30 адам каза болуп, 70ке жакыны жаракат алгандыгын өткөн аптада маалымдаганбыз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бул кырсыкта көп сандагы адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты.
“Бул кайгылуу кабарды угуп терең кайгырдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилден көңүл айтам, ошондой эле жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат телеграммада.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.