Курс НБ на 22.09.2020 $79,2643 €93,0682

Петербургдун парламенти депутаттарга митинг форматында шайлоочулар менен жолугушууга тыюу салды

Дүйнө
09 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
412
Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйыны шайлоочулар менен депутаттардын жолугушуусунун форматын чектөө жөнүндөгү демилгени жалпысынан кабыл алды.
Бул документти “Бирдиктүү Россия” фракциясынын лидери Александр Тетердинко киргизди. Экинчи окууга келгенде түзөтүүлөр берилбегендиктен мыйзам долбоорун толук  бойдон дароо эле карашты. Аны 38 депутат колдоп, 11и каршы добуш беришти.
А.Тетердинконун айтымында, эми эгерде депутаттар алдын-ала макулдашпай туруп шайлоочулар менен жолугушууну митинг форматында өткөрүшсө, аларга административдик чаралар  көрүлөт.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.