Курс НБ на 03.08.2020 $76,8433 €90,4984

Перуда судья өлкөнүн экс-президентин камоого ордер берди

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
399
Перулук судья Ричард Консепсьон Каруанчо өлкөнүн 2001-2006-жылдардагы экс-президенти Алехандр Толедону камоого  ордер берди. Ал бразилиялык Odebrecht курулуш компаниясынан пара алган деп күнөөлөнүүдө. Бул тууралуу Globo телеканалы билдирди.
Судья белгилеген алдын ала камакта кармоонун мөөнөтү 18 айды түзөт. Азыркы күндө Толедо Францияда жашап жатат жана соңку күндөрү өзүнүн дарегине айтылган күнөөлөөлөрдүн бардыгын четке каккан бир нече маектерди берген. Анын үйүндө тинтүүлөр жүргүзүлдү.
Мурда экс-президентке каршы кылмыш иши ачылган. Укук коргоо органдары аны жана анын администрациясынын өкүлдөрүн аталган компаниядан 20 млн доллар өлчөмүндө пара алгандыгына, анын ичинен 11 миллиону мурдагы мамлекет башчысынын жеке өзүнө берилгендигине шектүү катары карап жатышкандыгы тууралуу маалыматтарды  өткөн жумада бир катар перуандык ЖМКлар  таркатышкан. Натыйжада, бразилиялык компания автомагистралдардын бирин курууга пайдалуу контрактты алууга жетишкен.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.