Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Пекиндин мектептери түтүндөн улам үч күнгө жабылды

Дүйнө
20 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
319
Кытайдын борбор шаарынын бийлиги абанын эң жогорку чекте булгангандыгына байланыштуу окуу жайлардагы окууларды үч күнгө токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Борбордук кытай телевидениеси маалымдады.
Азыркы күндө Пекинде эң жогорку - абанын булганышынын кызыл деңгээли жарыяланды. Бул болсо транспорттун жүрүшүн чектөөлөрдү, курулуштардагы иштерди токтотууну, балдар бакчаларын жабууну карайт. Өнөр жай ишканаларына атмосфераны булгоолорду азайтуу тапшырмасы берилди. Жашоочуларга муктаждык болбосо үйдөн чыкпай эле коюу сунушталды.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.