Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Пекинде 2020-жылга чейин метронун беш линиясы курулат

Дүйнө
14 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
326
Пекинде  13-чү  беш жылдыкта  (2016-2020-жылдар)  метронун беш линиясын куруу пландалууда.
Шаардык бийликтердин  планы  боюнча  3-линиянын, Пингу линиясынын,  ошондой эле Дасин жаңы  аэропортуна алып баруучу бутагынын курулуштары башталат.  Мындан тышкары, Батун жана Чаплун линияларын түштүккө  карай узартуу долбоору да каралган, деп билдирет «Синьхуа»  агентствосу.
Бул линияларды жакынкы  3-4  жылда ишке киргизүү транспорттук тыгындардын маселесин бир аз азайтканга, Пекин -Тяньцзинь - Хэбэй агломерациясын интеграциялоого, жаңы аэропорттун аймагын  өнүктүрүүгө көмөктөшүп, Пекиндин административдик борборун анын чыгыш  чет-жакасындагы Тунчжоуга которууга мүмкүнчүлүк  берет.
Натыйжада, 13-чү  беш жылдыкта Пекин метросунун линяларынын узундугу 126  километрге көбөйүп, жалпысынан  900 километрди түзөт. Анүстүнө  Кытай  метро линияларынын узундугу боюнча дүйнөдө Шанхай метросунан кийинки экинчи орунда турат.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.