Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

“Парасат” медалына алымсынбаган орун басар

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
363
Өткөн жума күнү, 13-январда Казакстандын президентинин Администрация жетекчисинин мурдагы орун басары Баглан Майлыбаев камакка алынды.
Аны менен бирге президенттик администрациянын бир катар кызматкерлери кармалып, аларга республикалык бюджеттен саясий жана тарыхый изилдөөлөр үчүн 2014-2016-жылдарга бөлүнгөн 3,9 млн доллар каражатты уурдашкандыгы тууралуу айып тагылууда деп билдирет kapital.kz.
1975-жылы туулган Баглан Майлыбаев юридика илимдеринин доктору. 2002-жылдан бери бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. Маданият министринин орун басары, Президенттин басма сөз катчысы, 2011-жылдын октябрь айынан 2017-жылдын 12-январына чейин Президенттин администрация жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган. Ал турсун “Курмет” ордени, “Парасат” медалы менен да сыйланган экен.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.