Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

​Пандемияда кайсы курактагы адамдар көп жабыркайт

Дүйнө
20 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
21
Коронавирус пандемиясы учурунда жаштар психологиялык жактан катуу жабыр тартышты. Бул туурасында психология илимдеринин кандидаты Константин Абрамовго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды. Анын маалыматына ылайык, буга жашоодо тажрыйбанын аздыгы себеп болгон. “Себеби, улуу муундагы адамдар СССР кулагандан кийинки кайра куруу учурун баштан өткөрдү. Дагы көп нерсени көрүп, стресстик абалдарга туруштук берүүгө үйрөнгөн. Бул сыяктуу тоскоолдуктарды көрө элек жаштар стресске кабылып, психологдорго кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн түздү”, - деп билдирет адис.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу