Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Палестинанын президенти Махмуд Аббас ооруканага жаткырылды

Дүйнө
07 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
351
 Палестинанын президенти Махмуд Аббас ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги жазды.
Билдирүүгө ылайык, дарыгерлер палестиналык лидердин жүрөк-кан тамыр системасын текшерүүдө. Башка маалыматтар айтылган жок.
Мурдараак, бир катар араб өлкөлөрүнүн, айрыкча Сауд Арабиясынын, Иордания, БАЭ жана Египеттин башчылары Аббаска өзүнүн мураскери катары жээни Ясир Арафат Насер аль-Кидвди дайындоону өтүнүп кайрылышкан. Бул, алардын ою боюнча, өлкөдө башаламандыктан качууга мүмкүндүк берет.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.