
Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Пакистанда учак кыйрады
Пакистанда учак кыйрап, 47 адам каза тапты. Мындай маалыматты чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда. Маалыматтарга караганда, кырсык 7-декабрь күнү түштөн кийин Пакистандын Хавелиан шаарына жакын жерде катталган. Читрал шаарынан Исламабадды көздөй бара жаткан учак тоодо кырсыкка учураган. Кырсыкта учактын ичиндеги 42 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү каза болгон. Кырсыктын эмнеден улам келип чыккандыгы белгисиз болууда. Божомолдор боюнча учактын кыймылдаткычы керектен чыккан.
Айнура Шайкеева
Айнура Шайкеева
Комментарийлер
Эч бир пикир жарыялана элек