Курс НБ на 23.10.2019 $69,8114 €77,7804

Пакистанда айт намазда жардыруу болду

Дүйнө
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
422
Пакистандын Шикарпур шаарынын Синд кыштагында айт намаз учурунда жанкечти өзүн өзү жардырды. Жыйынтыгында 10 адам жабыркады. Мындай маалыматты РИА Новости жазды.  
Полициянын маалыматына караганда, жан кечти менен кошо дагы бир адам болгон. Жардыруу болгондон кийин ал качып кеткен. Ал эми тартип сакчылары дагы бир уюштурулуп жаткан терактынын ишке ашуусуна жол беришкен жок. Алар полициядан качууга аракет жасагандыктан бирөө өлтүрүлүп, бирөө колго түшкөн.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.