Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

Падышаны мазактасаң 15 жылга кесилесиң

Дүйнө
07 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
366
Тайланд мамлекетинде мыйзам боюнча аракеттеги падышаны, анын үй-бүлө мүчөлөрүн мазактоо аракети үчүн 15 жылга чейин түрмөгө отургузуу каралган.
Bangkok Post гезитинин интернет версиясында бүгүн, 7-декабрда жарыяланган улуттук коопсуздук маселеси боюнча вице-премьер генерал Прают Вонгсуванга шилтеме жасалган маалыматка караганда, Тайланддын полициясы учурда британиялык Би-Би-Си ТРКсынын тай тилдүү кызматын падышаны маскаралады деген айыптоолор боюнча териштирүү жүргүзүүдө.
Тергөөнүн божомолунда BBC Thai 1-декабрда тактыга отурган падыша Рама Онунчунун өмүр баянын маалымдоо учурунда мазактоолого жол берген.
Вице-премьер, генерал Прают Вонгсувандын айтымында, Тайланд бийликтери чет өлкөлүк ЖМКлар падышалыктын турмушу тууралуу жарыялаган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп турат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.