Курс НБ на 06.06.2020 $74,2343 €84,1186

Падыша Салман 460 тонна жүк менен тогуз күндүк сапарга аттанды

Дүйнө
02 - Март 2017
www.erkintoo.kg
377
Сауд арабиясынын 81 жаштагы падышасы Салман Азия өлкөлөрү боюнча 9 күндүк сапарга аттанды жана өзү менен кошо 460 тонна жүк алып кетти деп маалымдады SkyNews.
Падыша Малайзияда болууга үлгүрдү, азыр адегенде Индонезияга, андан соң Бруней, Япония, Кытай жана Мальдивге барат.
Араб падышасына самолёттон түшүү кыйын болгондуктан, атайын эскалаторду жана Мерседес лимузинин да кошо ала кетти. Эгерде ал кадимки самолёт менен жолго чыкса, багажы ар биринин салмагы 20 килограммдык 23 миң чемодан болмок деп эсептөөгө да үлгүрүшкөн.
Падыша жан жөкөрлөрү менен алты күн Балидеги майрамга катышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.