Курс НБ на 19.09.2017 $68,4643 €82,0613

Отуз тогузунчу президент АКШнын азыркы саясий системасын “олигархиялык” деп атады

Дүйнө
14 - Сентябрь 2017
www.erkintoo.kg
11
АКШнын 39-президенти 92 жаштагы Джимми Картер кечээ, 13-сентябрда Атланта шаарындагы (Джорджия штаты) “Картер борборунун” штаб-квартирасында сөз сүйлөп, Америка Кошмо Штаттарынын Жакынкы Чыгыштагы саясатын, Түндүк Корея боюнча аракеттерин сынга алып, өлкөнүн учурдагы саясий системасын “демократиялык эмес, олигархиялык” деп атагандыгын Associated Press (AP) маалымдады. Пхеньянда үч жолу болгондугун эске салган карт саясатчы кореялер менен барып, көзмө-көз сүйлөшмөйүнчө абал оңолбойт деген пикирин билдирген. Анын көз карашында Пхеньян Вашингтондун кол салбастыгы жөнүндө кепилдик алгысы келет.
Нобель сыйлыгынын лауреаты Джимми Картер 1977-1981-жылдары АКШнын 39-президенти болгон.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу