Курс НБ на 16.11.2019 $69,8500 €76,9922

Орустардын учкучу жок аппараттары уюлдук телефондорду оюнчукка айланта алат

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
333
Орусиянын армиясына расмий түрдө уюлдук байланыш мунараларын алмаштыра ала турган учкучу жок аппараттардын “Леер-3” комплекси кабыл алынды. Ал SMS жана аудиомаалыматтарды жөнөтүүгө жөндөмдүү.
Бул дрондор Сирияда сынактан ийгиликтүү өткөн жана каршылаштарга карата радиоэлектрондук курөштө колдонулат.
Үч “Орлан-10” учкучу жок аппаратынан турган “Леер-3” комплекси аралыктан каршылаштардын уюлдук байланыш мунараларын иштен чыгарып, абоненттердин мобилдик телефондорун өчүрө алат, ошондой эле телефондордогу чалуулардын номерлерин окуйт.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.