Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Орусиянын өз доктринасы бар

Дүйнө
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
324
Президент Владимир Путин кечээ, 5-декабрда өз жарлыгы менен Орусиянын маалыматтык коопсуздук боюнча жаңы доктринасын бекитти.
Доктринанын максаты – маалыматтык технологиялардын согуштук кагылыштарга алып келүү тобокелдигине жол бербөөнү көздөйт. “Стратегиялык максат – маалымат мейкиндигинде жаңжалсыз мамлекеттер аралык туруктуу системаны калыптандыруу” деп айтылат бул документте. Анткени, айрым өлкөлөрдүн атайын кызматтары дүйнөлүк кырдаалды дестабилдештирүү максатында маалыматтык-психологиялык таасир этүү ыкмаларын колдонууга аракет жасашууда. Мындан тышкары, орусиялык объектилерге максаттуу чабуул жасоо жана чалгындоо аракеттери күчөп жатат. Ошондуктан, докринанын бир багыты Орусиянын Куралдуу күчтөрүндөгү маалыматтык коопсуздукту камсыздоону көздөйт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.