Курс НБ на 13.11.2019 $69,8500 €76,8979

Орусиянын Аскер космостук күчтөрү сынактан өтүп жатат

Дүйнө
07 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
448
Президент Владимир Путин бүгүн, 7-февралда Орусиянын Аба космостук күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын текшерүү максатында күтүүсүз текшерүү машыгууларын жарыялады. Бул тууралуу коргоо министри Сергей Шойгу ТАСС агенттигине маалымдаган.
Айтымында, москва убактысы боюнча саат 9.00дө аскердик бөлүктөрдүн жана бирикмелердин башкаруу органдары жогорку даражадагы күжүрмөн даярдыкка келтирилди.
Эске салсак, Орусияда аскердик күчтөрдү мындай күтүүсүз текшерүү ыкмасы 2013-жылдан бери тажрыйбаланып, жакшы натыйжаларды берүүдө.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.