Курс НБ на 26.03.2019 $69,7441 €78,9154

Орусиялыктар кыргыз жана тажиктерге караганда тез картаят

Дүйнө
14 - Март 2019
www.erkintoo.kg
29

Орусия жарандары үчүн карылык 59 жашта келет. Бул курак Тажикстан, Беларус, Грузия (барында тең 60 жаштан), Кыргызстан, Литва жана Латвия (61 жаштан) өлкөлөрүнө салыштырмалуу төмөн. Мындай маалыматты  медициналык Lancet басылмасы окумуштуулардын эл аралык тобунун иликтөөсүнө таянып жазды. Авторлор дүйнө өлкөлөрүнүн калкы карыларга мүнөздүү оорулар менен жабыркай баштай турган орто куракты эсептеп чыгышкан. Орусиялыктарга карылык 59 жашта келип  дүйнөдөгү 159 өлкөнүн жашоочуларынан тез картаят. Изилдөөгө ылайык, эң кеч картайган адамдар Жапония (76,1 жыл), Швейцария (76,1), Франция (76) жана Сингапур (76) өлкөлөрүндө жашайт.

Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу