Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Орусияда зомбулукту декриминалдаштыруу тууралуу мыйзам кабыл алынды

Дүйнө
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
311
Орусия президенти Владимир Путин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун айрым түрлөрүн Кылмыш кодексинен чыгарып, аларды административдик мыйзам бузуу катары эсептөө тууралуу мыйзамга кол койду,-деп жазды Борбордук Азиянын Кабарлар кызматы.  Мыйзам ата-энелер менен балдардын жана жубайлардын бири-бирине карата мамилесине багытталган. Эгерде үй-бүлөлүк келишпестикте ден соолукка зыян келтирилсе же окуя кайра кайталанса, анда тартип бузган адам кылмыш жообуна тартылат. Жаңы мыйзамда ден соолукка зыян келтирбеген биринчи жолку уруп-согуу үчүн 30 миң өлчөмүндө айыппул төлөтүү, же 15 күнгө камакка алуу, же 120 саат коомдук ишке тартуу жазасы каралган.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.