Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

Орусияда тыюу салуу дагы 60 күнгө узартылды

Дүйнө
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
320
2016-жылдын этегинде Орусиянын Иркутск облусунда «Боярышник» деп аталган косметикалык каражатты ичкен 123 адамдын 76сы ууланып өлгөндүгү маалымдалган. Текшерүү анын курамында спирт эмес уулуу метанол болгондугун аныктаган. Ошондон кийин курамында спирт бар бардык суюктуктарды сатууга Роспотребнадзор тарабынан 30 күнгө тыюу салынган. Бул окуяга күнөөлүү катары 22 адам кармалып, 9у камакка алынган.
ТАССтын бүгүн, 25-январдагы билдирүүсунө караганда Орусиянын бардык аймагында курамында спирт бар азык эмес продукцияларды сатууга тыюу салуу дагы 60 күнгө узартылды.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.