Курс НБ на 11.11.2019 $69,8426 €77,0294

Орусияда быйыл азык-түлүк карточкасы киргизилиши күтүлүүдө

Дүйнө
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
282
Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдун ТАСС агенттигине кечээ, 7-февралда маалымдаганына караганда, быйыл өлкөдө калк үчүн жардам катары азык-түлүк карточкасы киргизилиши мүмкүн.
Министрди айтымында, азык түлүк карточкасы, жарандардын айрым категорияларына эт, балык жана башка кол жетпей келген товарларды сатып алууга мүмкүндүк берет. Азык-түлүк карточкасына бөлүнгөн акча каражаттарын орусиялыктар банктагы эсептерине жыйнай алышпайт.
Бул сыяктуу азык-түлүк жактан колдоо программасы АКШда 50 жылдан бери иштейт. Ага ылайык, жарандарга ай сайын орточо 130 доллар суммасындагы талондор берилет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.