Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Орусияда аялын алгач ирет сабагандар административдик жазага тартылышат

Дүйнө
08 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
382
Орусияда үй-бүлөсүндө аялын же балдарын токмоктогон эркектер эми кылмышкер болуп эсептелбейт. Президент Путин кол койгон үй-бүлөдөгү ур-токмокторду декриминализациялоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жакындарына мындай зомбулук жасагандар кылмышкер катары эмес, административдик тартип бузуучулар катары жазага кириптер болушат.
Ден соолукка залака келтирбей алгач ирет кол тийгизгендер 10дон 15 күнгө чейин камакка алынат же 5 миңден 30 миң рублга чейин штраф төлөшөт. Сот мээримдүүлүк кылса 60-120 сааттык милдеттүү жумуштарга чегерилет.
Мындай мыйзамсыз аракеттер кайталанса, Кылмыш кодексине ылайык 6 айга чейин түзөтүү жумуштарына чегерилет же 3 айга чейин камакка алынат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.