Курс НБ на 27.02.2020 $69,8500 €76,0806

Он жылга эркинен ажыратылган генерал он беш жыл абакта олтуруп каза тапты

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
452
13-январда Түркмөнстанда 15 жыл түрмөдө отурган өлкөнүн Чек ара аскерлеринин мурдагы кол башчысы Тиркиш Тырмыев каза тапты.Генерал Тырмыев 2002-жылы өзгөчө коркунучтуу кылмыштарды жасаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. 2012-жылы жаза мөөнөтү аяктап калганда аны түрмө сакчысына кол салды деген шылтоо менен эркиндикке чыгарышкан эмес.
Тиркиш Тырмыев 2051-жылы 2-январда Дашогузда туулган. Коопсуздук органдарында кызмат өтөп, 1999-жылдын 23-мартынан 2002-жылдын 5 мартына чейин Чек ара аскерлеринин кол башчысы болгон. 1-апрелге чейин Улуттук коопсуздук министрлигинин Мары шаары боюнча башкармалыгын жетектеген.
Атай Алтымышев
 
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.