Курс НБ на 23.10.2019 $69,8230 €77,6292

Океан пластмассага толуп жатат

Дүйнө
15 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
519
Жер шарында жашаган 3 млрд адам белокту негизинен деңиз азыктарынын эсебинен алышат. Бирок, дүйнөлүк океанга түшүп жаткан таштандылар жакынкы он жылда анда жашаган балыктардын жоголуп кетүү коркунучун жаратат.
АКШ Мамкатчысынын орун басары Кэтрин Новелли океандарды сактап калууга арналган жыйында 2050-жылга карата океандарга топтолгон пластмассанын салмагы балыктардын биомассасынан ашып түшөт деп айтты.
 Андан тышкары, климаттын ысып жаткандыгына байланыштуу кылым соңунда океандын деңгээли 1,2 – 1,8 метрге чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Учурда океандагы суунун кычкылдуулугу 26%га чейин жогорулаган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.