Курс НБ на 27.05.2019 $69,8500 €78,1272

Нью-Йоркто мафиянын боссу өлтүрүлдү

Дүйнө
15 - Март 2019
www.erkintoo.kg
53

Жаңы кылымда биринчи жолу Нью-Йорктогу беш ири мафиялык кландын биринин боссу эсептелген Фрэнки Бой деген каймана аты бар Фрэнк Кали атып өлтүрүлдү деп маалымдады Би-би-си. 52 жаштагы Фрэнк Кали Гамбино кланынын башчысы болгон. Нью-Йорк полициясынын маалыматына караганда, ага карата алты ирет ок атылган жана аны машина менен да үстүнөн тебелетип өтүшкөн. Нью-Йоркто мафия башчысына акыркы жолу 1985-жылы кол салынган.

Нью-Йоркто “италиялык” мафияны Бонанно, Гамбино, Дженовезе, Коломбо жана Лукеззе деп аталган беш клан көзөмөлдөөрү айтылат. Алардын ичинен эң күчтүү делген Гамбино кланын Фрэнк Кали 2015-жылдан бери жетектеп келген.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу