Курс НБ на 20.01.2021 $84,8000 €102,9133

Нуркент келечектүү шаар

Дүйнө
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
655
Казак-кытай чек арасына жакын жайгашкан Казакстандын Алматы облусуна караштуу Панфилов районунда Нуркент деп аталган жаңы шаар пайда болот. Алматы облусун иш сапар менен кыдырган Президент Нурсултан Назарбаев 19-сентябрда жаңы калаанын генералдык планы менен таанышты.
Курулуп жаткан Нуркент шаары “Хоргос – Чыгыш дарбазасы” деп аталган экономикалык аймактын бир бөлүгү болуп калат.
Калкынын саны 100 миң адамга эсептелген жана 300 гектар аянтты ээлөөчү Нуркент шаары 2020-жылы бүткөрүлөт жана заманабап шаарга айланат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.