Курс НБ на 14.11.2019 $69,8500 €76,8979

​Нөшөр туудурган коркунуч

Дүйнө
22 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
62
Данас тайфуну Япониянын түштүк-батышына нөшөрлүү жамгырларды алып келди. Ага байланыштуу Нагасаки префектурасынын бир катар райондорунда коркунучтуу кырдаалдын жогорку деңгээли жарыяланды деп маалымдады РИА Новости. Бул Японияда кабыл алынган коркунучтун беш деңгээлинин эң максималдуусу. Гото шаарында 36 миң адам эвакуацияланды, анткени бул калаада бир сутка ичинде 360 миллиметр жамгыр жаады. Мындай нөшөрлүү жамгырлар жер көчкүлөрүн жана суу ташкындарын пайда кылат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.