Курс НБ на 10.04.2020 $77,8000 €84,5647

Нобель сыйлыгы тапшырылды

Дүйнө
12 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
509
Нобель сыйлыгы медицина, физика, химия жана экономика тармактары  боюнча Швециянын Стокгольм шаарындагы концерттик залда тапшырылды. Бул тууралуу  РИА Новости жазды. Маалыматка таянсак,  Швециянын королу Карл Густав XVI колунан медицина боюнча япониялык профессор Ёсинори Осуми, үч физик — Дэвид Таулесс, Данкан Холдейн жана Майкл Костерлиц, химиядан Жан-Пьер Саваж, Фрейзер Стоддарт жана Бернард Феринга жана экономика боюнча Оливер Харт жана Бенгт Хольмстрём сыйлык алышты. Эске салсак, экономика боюнча атайын сыйлыкты Швециянын мамлекеттик банкы тапшырат. Ал эми адабият тармагындагы Нобель сыйлыгынын ээси  Боб Дилан салтанатка катыша алган эмес. Ал сыйлыкты ыңгайлуу учурда аларын билдирген. Быйылкы номинация боюнча сыйлыктын көлөмү 932 миң долларды түзөт. Сыйлык тапшыруу жыл сайын 10-декабрда Альфред Нобелдин каза болгон күнү тапшырылат. Сыйлык 1901-жылдан тартып 579 жолу тапшырылган.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.