Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Никтурия - кан басымдын көтөрүлүүсүнүн жаңы симптому

Дүйнө
02 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
46
Никтурия - түн жарымында заара кылуу үчүн төшөктөн тез-тез туруу кан басымдын көтөрүлүүсүнүн белгиси болуп саналат. Мындай тыянакка япон дарыгерлери келишти. 3749 пациентке жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы ар жылы өтүүчү Japanese Circulation Society илимий жыйында айтылды. “Гипертония – Японияда улуттук оору деп эсептелет. Өлкөдө тузду орточо керектөө күнүнө 10 граммды түзөт. Дүйнөдө бул көрсөткүч – 4 граммга барабар”, - деди доктор Муцуо Харада. Ал эми Европалык кардиологдор коомунун президенти Барбара Касадейдин айтымында, дүйнөдө 1 миллиарддан ашык адам кандын жогорку басымынан жабыркашат. Жогорку басым күтүүсүз өлүмгө кабылуунун глобалдык себеби болуп саналат. Ошондуктан, туздун, алкоголдун өлчөмүн чектеп, тамеки чегүүдөн баш тартуу жана салмакты көзөмөлдөө зарыл. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтары боюнча жүрөк-кан тамыр орулары, алардын ичинде инфаркт, инсульт жана жүрөктүн өнөкөт жетишпестиги өлүмгө учуроонун глобалдык деңгээлдеги себеби бойдон калууда. Жыл сайын алардан дүйнөдө 17 миллионго жакын адам каза табат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу