Курс НБ на 19.02.2020 $69,8406 €75,6129

Назарбаевдин айланасында “эл душмандары” арбын

Дүйнө
17 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
360
Казакстан президентинин кенже жээн небереси Айсултан Назарбаев Фейсбуктагы өзүнүн жеке баракчасында өлкө башчысынын айланасында өз кызыкчылыгын гана көздөгөн меркантилдүү адамдар көп деген пикирин билдирди. Алардын баары “эл душмандары” жана тилегендери бийликти эптеп колго алуу.
“Президенттин командасында кесипкөй адамдар жетиштүү. Тилекке каршы айрымдары жылдыз оорусу менен ооруп калышкан. Алар өлкөнүн кызыкчылыгын эмес, өз кызыкчылыгын гана ойлошот. Мындай оорукчан адамдар мамлекеттик маселелерди чече алышпайт. Биз баарыбыз азыр Карим Масимов Президенттин айланасын жемкорлордон тазалап жаткандыгын көрүүдөбүз”, - деп жазат казак президентинин кызы Дарига Назарбаеванын кенже баласы Айсултан Назарбаев. Ал 1990-жылы 26-августта туулган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.