Курс НБ на 23.09.2019 $69,8317 €77,1501

Назарбаевдин Абу-Дабиге сапары бүгүн аяктайт

Дүйнө
16 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
354
Казакстан эгемендүүлүккө жетишкен 25 жыл ичинде өлкө экономикасына 265 млрд доллардан ашык тикелей инвестиция тартууга жетишкен. Бүткүл дүйнөлүк банктын “Бизнес жүргүзүү жеңилдиги” рейтингинде Казакстан 35-орунда турат. Учурда 56 мамлекеттин жарандары өлкө аймагына визасыз эркин кире алышат.
Мындай маалыматтарды 15-январдан бери Араб Эмираттарында расмий сапар менен жүргөн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдирди жана бул өлкөнүн ири компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда аларды казак экономикасына тартынбай инвестиция чегерүүгө чакырды. Айтымында, Араб Эмираттары Казакстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Учурда эмираттардын капиталы катышкан 200дөн ашык биргелешкен ишканалар иштейт. Ал эми Астанада наркы 1,6 млрд долларды түзгөн “Абу-Даби плаза” долбоору жүзөгө ашырылууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.