Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Москвада мектепке электрондук жазуу жүргүзүү башталды

Дүйнө
15 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
415
Москвалык мектептердин биринчи класстарына балдарды электрондук жазуу жүргүзүү бүгүнтөн тартып башталат, деп маалымдады “Интерфакска” Москванын билим берүү департаментинин басма сөз кызматынан.
Департаментте эскертип кетишкендей, мектепке чейинки даярдоо топтору бар мектептердин москвалык ата-энелерине биринчи класска электрондук каттоосуз эле кирүү мүмкүнчүлүктөрү берилет. Анткени, “мектептердин мектепке чейинки даярдоо  топторунун тарбиялануучулары бир нече жылдан бери мектеп директорунун наамына ата-энелери жазган жеке арыздары боюнча ошол мектептин биринчи классына жөнөкөй эле которуу жолу менен алынып келе жатат, мындай учурда электрондук каттоо талап кылынбайт”, - деп түшүндүрүштү басма сөз кызматынан.
2016-жылы бардык москвалык биринчи класска баруучулардын теңинен көбү мектепке чейинки даярдоо топторунан которуу жолу менен биринчи класска кабыл алынышкан.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.