Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Монголиянын экспорту импорттон ашты

Дүйнө
11 - Апрель 2019
www.erkintoo.kg
41
Акыркы үч айда Монголиянын экспорту биринчи жолу импорттон 486 миллион долларга ашты. Өлкөнүн Башкы бажы башкармалыгын маалыматына шилтеме жасаган Asia Russia Daily 2019-жылдын январь-март айларында Монголиянын тышкы соода жүгуртүү көлөмү 3,5 миллиард АКШ долларын түзгөндүгүн билдирди. Экспорттук товарлардын өзөгүн кашемир, жүн жана тоо-кен өнөр жайынын продукциялары түздү. Кошумчаласак, 2018-жылы Монголиянын тышкы соода жүгүртүү көлөмү 12,9 млрд долларга жеткен.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу