Курс НБ на 18.01.2021 $84,4817 €102,4848

​Монголияда жалпы улуттук эл каттоо башталат

Дүйнө
08 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
129
Эртең, 9-январда Монголияда жалпы улуттук эл каттоо башталат. Бул иш-чара ар 10 жылда бир жолу өткөрүлүп турат. Эл каттоо 15-январга чейин созулат. Монголиянын Улуттук статистикалык башкармалыгын төрагасы А.Ариунзаяанын айтымында, учурда өлкө калкынын саны болжол менен 3,3 миллион адамды түзөт. Монголияда биринчи эл каттоо 1918- жылы, кийинкилери 1935, 1944, 1956, 1963, 1969, 1979, 1989, 2000 жана 2010-жылдары өткөрүлгөн.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.