Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Монголия жылына 20 миң даана боз үй жасай алат

Дүйнө
10 - Октябрь 2018
www.erkintoo.kg
64
Монголиялык боз үй жасоочулар ассоциациясынын маалыматына караганда, жылына 20 миң даана монгол боз үй жасап экспорттоого мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени, акыркы мезгилде боз үйгө Монголиянын өзүндө эле эмес, экологиялык турак жай катары чет өлкөлөрдөн да суроо-талап өсүүдө. Монголия жылына 2000ден ашык боз үйдү экспортко жөнөтөт. 6 миңдей боз үй ички керектөөчүлөрдүн муктаждыгына берилет. Эске салсак, монгол боз үйүн жасоо салты 2013-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизилген.
А.Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу