Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Монголдор да космоско кол сунууда

Дүйнө
06 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
494
Эл аралык “Birds” долбоорунун алкагында Монголия 2017-жылдын мартында өзүнүн биринчи космостук спутнигин учурууга ниеттенип жатат. Бул долбоорго Монголиядан тышкары, Гана, Бангладеш, Япония жана Нигерия, жалпысынан 5 мамлекет катышууда.
Япония өкмөтү космосто спутниги жок өлкөлөргө көп тараптуу жеңилдетилген техникалык жардамдарды көрсөтөт. Монгол спутниги Жерден 400 километр алыстыкта жайгашып, сүрөткө тартуу, FM 437BHz радиотолкунунда жаңылыктарды берүү операцияларын ишке ашырат. Спутникти учуруу 225 миң долларды, спутниктин өзүн куруу 100 миң долларды талап кылат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.