Курс НБ на 15.12.2019 $69,8482 €78,0693

Молдавиянын президентинин Иранга визити боюнча чыр чыкты

Дүйнө
13 - Февраль 2017
www.erkintoo.kg
422
 Молдавиянын президенти Игорь Додондун Иранга визитинин жүрүшүндө тагылган мамлекеттик желекке байланыштуу чыр чыкты.
Республиканын шахмат федерациясынын да президенти болуп саналган Молдавиянын лидери Иранда аялдар арасында шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатты ачуу аземине катышкан. Ошондо президенттин артында Молдавиянын мамлекеттик желеги орнотулган. Желектеги гербде бүркүттүн тумшугундагы крест жок болуп калган. Азем  бүткөндөн кийин Додон дароо эле фейсбуктагы өз баракчасына бул сүрөттү киргизген.
Ошондон кийин бир катар ЖМКлар гербдеги дал келбестиктерди дароо байкашкан
“Мусулман өлкөлөрүнүн жетекчиликтери саясий тактуулуктан улам башка мамлекеттердин желектеринен кресттерди жана башка христиандык символдорду алып салышат. Бул исламды карманган көптөгөн мамлекеттерде  практикаланып келет. Демек, президенттин бул практикага эч кандай тиешеси жок”, - деп жазат президентти колдогон “Блокнот-Молдава” порталы.
Басылма ошондой эле Анталияда Молдавиянын расмий консулдугун ачуу аземинде да ушундай эле көрүнүш орун алгандыгын да эске сала кеткен.
Бул талашка Додон да аралашып, бул маселени кылдат карап чыгаарын билдирген.
Таалайбек  ТЕМИРОВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.