Курс НБ на 22.03.2019 $69,7563 €79,1281

Мирзиёев келерки аптада Индияга сапар тартат

Дүйнө
10 - Январь 2019
www.erkintoo.kg
45
17-18-январда Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев иш сапар менен Индияда болот деп билдирди кошуна өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Ильхом Нъематов. Анын айтымында Мирзиёев Индиянын Гуджарат штатына барып, фармацевтикалык продукциялардын жана жеңил өнөр жай көргөзмөсүнө катышат. Эске салсак, Өзбекстандын президенти Индияга расмий сапар менен 2018-жылдын 30-сентябрынан 1-октябрына чейин барып келген.
Ал эми КСДП партиясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев да эртең, 11-январда 10 күндүк эс алуу үчүн Индияга аттанат. Ал 21-январда өлкөгө кайтып келет деп айтылат маалыматта.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу