Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,3135

Меркелдин болочок мураскоруна ичи чыкпай калды

Дүйнө
29 - Май 2019
www.erkintoo.kg
86
Германиянын канцлери Ангела Меркель Христиан-демократиялык партиянын (ХДС) лидери Аннегрет Крамп-Карренбауэрди канцлерлик орунга өзүнүн мураскору катары эсептебей калды деп билдирди Bloomberg агенттиги. “Мини Меркель” атка конгон Крамп-Карренбауэр ХДСтин жетекчилигине 2018-жылдын декабрында эле шайланган. Арийне Европарламентке шайлоолордо ХДС Меркель ойлогондой натыйжаларга жетише алган жок. Ал 2021-жылы канцлердик кызматка өзүнүн талапкерлигин көрсөтпөстүгүн өткөн жылы эле билдирген.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.