Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

Массалык баш аламандыкка катышкандар жазаланат

Дүйнө
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
434
АКШнын президенти Дональд Трамптын 20-январдагы ант берүү аземи жүз миңдеген каршылык акциялары менен коштолду. Чектен чыккандарды полиция баштан сылаган жок – алар кармалып ээнбаштык аракеттери үчүн айыптар тагылды. Массалык баш аламандык уюштургандар жана ага катышкандар үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 250 миң долларга чейин айып пул салуу каралган деп билдирет CBS News. Инаугурация күнү Вашингтондун борборунда 217 демонстрант кармалган.
Эске салсак, каршылык акциялары инаугурацияга чейин эле башталган. Кара кийинген адамдар көчөлөргө жүрүшкө чыгып, дүкөндөрдүн жана автоунаалардын айнектерин талкалашкан. Полиция аларга каршы жаш агызуучу газдарды колдонууга аргасыз болду. Каршылык акциялары АКШнын ири шаарларында эле эмес, Берлинде, Лондон, Париж, Рим, Вена, Женева, Амстердам, Найроби, Сидней, Мельбурн жана Токиодо да өттү
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.