Курс НБ на 21.09.2019 $69,8317 €77,1501

Мамлекеттик кызматкерлер Японияда

Дүйнө
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
26
Кыргызстандын  Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү» (JDS) долбоору боюнча Япониянын Токио шаарынын университеттерине магистердик программа боюнча окууганга келген Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен жолукту. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өз билимин, кесипкөйлүгүн жана Япониянын жогорку окуу жайларынан билим алууга татыктуу экенин далилдөө үчүн оор тандоо сынагынан өтүшкөнүн элчи белгиледи. Эске салсак, JDS долбоору стипендиаттын деңгээлин индивидуалдуу түрдө көтөрүүгө гана багытталбастан, мамлекеттик башкаруу органдарынын институционалдык дараметин көтөрүүгө өзгөчө маани берет. Жолугушуунун аягында, элчи Mирлан Арстанбаев алдыдагы окуу учурунда бардык студенттерге ийгилик каалады.
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу