Курс НБ на 26.06.2019 $69,5988 €79,0503

Мамдуманын биринчи байы “Единая Россиянын” өкүлү

Дүйнө
05 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
360
Орусиянын жакында эле шайланган жетинчи чакырылыштагы Мамлекеттик Думасынын эң бай депутаты анык болду. Тапшырылган декларацияларга караганда, Архангель облусунан “Единая Россия” партиясынын тизмеси боюнча мандатка ээ болгон Андрей Палкиндин 2015-жылдагы кирешеси 1,5 млрд рублди түзгөн. Анын Архангель облусунда 56 жана Москва облусунда 3 квартирасы, 200гө жакын түрлүү транспорттук техникалары бар.
 Палкиндин айтымында 1,5 млрд рубль өзү жетектеген холдинг компаниянын дүң кирешеси, ал эми жеке өзүнүкү 483 миллион рубль. Мамдумадагы экинчи бай депутат Леонид Симановский Форбс журналынын рейтингинде 87-орунда турат. 2015-жылы ал 909 млн рубль киреше тапкан. НОВАТЭК компаниясынын 1,6% акциясына ээлик кылган бул депутаттын жеке эсебиндеги сактаган акчалары 3 млрд рублга жетет.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.