Курс НБ на 13.07.2020 $77,8000 €87,8362

​Мальдив аралы суу алдында калышы мүмкүн

Дүйнө
20 - Январь 2020
www.erkintoo.kg
69
Мальдив аралдарынын 80% аймагы деңиз денгээлинен бир метрден да аз бийиктикте жайгашкан, 1100 аралчалардан турган архипелагдын эң бийик делген чекити 2,4 метрди түзөт. Мальдив Республикасы жыл сайын жээктерди коргоо курулуштарын курууга 10 млн доллар каражат коротуп турат. Өлкөнүн экология министрлигинин маалыматы боюнча калк отурукташкан эле аралдардын корголушун камсыздоого 8,8 млрд доллар каражат зарыл. “Бирок, кичинекей мамлекеттерге климаттын өзгөрүү кесепеттери менен күрөшүүгө арзан каражат табуу кыйынга турат”, - деп билдирди Мальдив Ресаубликасынын тышкы иштер министри Абдулла Шахид.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.